Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Европа Кавказ жумурияттарына тыгыз алака сунуш этти


Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт.
Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт.

Кавказдагы үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери 26-октябрда Люксембургда Европа Биримдигинин улук өкүлдөрү менен жолугушту. Биримдик азыр Грузия, Азербайжан, Арменияга эркин соода, визасыз саякат мүмкүнчүлүгүнө жол ачуучу Ассоциациялык келишимди сунуш этүүдө.

Бул жолугушуулар биримдиктин бул үч өлкө менен Шериктештик жана Кызматташттык келишимдеринин негизинде жыл сайын өтүп келет. Бул ирет Евробиримдик бул алакага жаңы, аймактык динамика берүүнү көздөөдө.

Биримдиктин учурдагы президенти болгон Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүгө жогору баа берди:

– Менимче, Европа Биримдиги менен Кавказ өлкөлөрүнүн ортосунда жалпысынан абдан жакшы мамиле бар.

Билдтдин айтымында, Евробиримдик ар башка өлкөлөргө алардын «ар башка даярдыгын» эске алуу менен «бирдиктүү мамиле» жасайт.

26-октябрдагы сүйлөшүүлөрдүн соңунда Кавказ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери европалыктар менен бирге пресс-конференция өткөрүштү.

Чындыгында да, Грузия, Армения, Азербайжандын ал-ахвалы бири-бириникине анчейин окшошпойт, бирок Европа менен алакасында үчөөнүн мүмкүнчүлүктөрү дээрлик бирдей. Келерки айда ортодо жаңы Асоциациялык Кызматташттык келишимдери боюнча сүйлөшүү башталганы жатат. Алар Европа Биримдигине кирүүнү кепилдебейт, бирок аны менен эркин соода жүргүзүп, Европа өлкөлөрүнө визасыз барууга мүмкүнчүлүк ыйгарат.

Бул жумурияттар Европа менен ар башка жолдор менен жакындашуунун айласында болушууда. Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандиан Евробиримдиктин тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Валднер менен биринчи болуп жолугуп, Ереван үчүн визасыз саякат мүмкүнчүлүгү айрыкча маанилүү экендигин билдирди:

– Биздин талкууда мен карапайым адамдардын ортосундагы байланыштар жана биздин жарандар үчүн виза тартиби тууралуу маселеге басым жасадым.

Кавказ өлкөлөрү Европага визасыз каттасак дегенде ак эткенден так этээри түшүнүктүү, бирок Биримдикте буга каршылык күчтүү.

Азербайжан Тоолуу Карабакта армян аскерлеринин кала берип жаткандыгына айрыкча кападар экени маалым. Люксембургдагы пресс-конференцияда өлкөнүн тышкы иштер министри Элмар Мамадыияров дал ушул маселени козгоду:

– Биз муну башкы маселе деп эсептейбиз. Аймакта тынчтык, туруктуулук болсун десек, армян аскерлери басылып алынган аймактардан кетиши керек.

Грузия үчүн Орусиянын Абхазия менен Түштүк Осетияны иш жүзүндө өз аймагына кошуп алгандыгы башкы баш оору бойдон кала берүүдө. Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Григол Вашадзе анын өкмөтү бул жаатта Евробиримдиктин колдоосуна муктаж экендигин белгилеп өттү:

– Биз Грузиянын аймактык биримдигине, көз карандысыздыгына жана суверендүүлүгүнө кыйшаюсуз колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Европа Биримдигине абдан ыраазыбыз. Биз кесиптештерибиздин көңүлүн 2008-жылы 12-августта Франциянын президенти Саркози менен орус президенти Дмитрий Медведев кол койгон келишимде Орусия өзүнө өз каалоосу менен алган милдеттенмелердин бирин да аткарбай жаткандыгына бурдук.

Армения сыяктуу эле Грузия Евробиримдик менен алакасында биринчи кезекте визасыз режимге жана эркин соодага кызыгат. Бирок Грузияда саясий реформалар арткы планда калып, азыр президент Михаил Саакашвилинин 200 чакты саясий оппоненти түрмөдө отурат, ошол эле мезгилде өлкөдөгү эң таасирлүү маалымат каражаттарынын басымдуу көпчүлүгү анын көзөмөлүнө өткөн. Берки эки өлкөдө да демократия жаатында кемчиликтер мындан көп.

XS
SM
MD
LG