Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

АКШнын өкүлү Бишкекте жолугушуулар өткөрдү


Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жорж Кроллду 26-октябрда өкмөт башчы Данияр Үсөнов кабыл алды. Анда кыргыз-америка кызматташууларына байланыштуу маселелер талкууланды. Кролл мырзаны ошол эле күнү Мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев, президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеваная да кабыл алганы кабарланды. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, Жорж Кроллдун Кыргызстанга сапары бүгүн да уланары белигленген.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG