Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Генерал Петреус Тажикстанга барды


АКШ куралдуу күчтөрүнүн Ооганстан жана Ирактагы кол башчысы генерал Дэвид Петреус Дүйшөмбүгө барды. Кошмо Штаттардын Тажикстандагы элчилигинен маалымдашкандай, президент Эмомали Рахмонов менен жолугушууда мыйзамсыз маң зат аткезчилигине каршы күрөшүү, терроризмди алдын алуу жана чегара коопсуздугу өңдүү маселелер сөзгө алынды. Февралда тажик бийлиги Ооганстандагы америкалык күчтөргө аскерий эмес жүк ташуу үчүн өз аймагын пайдаланууга уруксат берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG