Бүгүн “Ата Мекен” социал-демократтар партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын биринчи орун басары Болот Шерниязов Швецияга аттанып кетишти. Алар Швециянын социал-демократтар партиясынын чакыруусу боюнча Европа мамлекеттериндеги социал-демократтар партиясынын кеңейтилген конференциясына катышат. Ошондой эле алар Швециядагы башка партиялардын лидерлери менен дагы жолугушууларды өткөрүшөт. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. (AJ)