Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Өлкө башчысы Нарынга көңүл бөлүнөрүн белгиледи


М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрында өткөн облусунун 70 жылдык мааракесинде президент Курманбек Бакиев кайра иштетүүчү ишканалардын санын арттыруунун зарылдыгын белгилеп, Кара-Кече көмүр кени түндүк региондун көмүргө болгон керектөөсүн толугу менен канааттандыруусуна жетишүү керектигин, буга мамлекет тарабынын бардык колдоо-көмөк көрсөтүлө тургандыгына ишендирип кетти.
Мамлекет башчысы региондун автожолдорун реконструкциялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын, бул максатта Бишкек-Нарын-Торугарт стратегиялык жолун оңдоого 2007-жылы республикалык бюджеттен 100 млн.сом бөлүнгөнүн айтты. Андан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Нарын-Торугарт жолун реконструкциялоого 50 млн.доллар бөлүп, анын 22 миллиону грант түрүндө берилерин, АӨБ кошумча түрдө 20 млн. доллар каражат бөлгөнүн, ошондой эле Кытайдын “Эксимбанкы” менен 200 млн.долларга келишим түзүлгөнүн кошумчалады. .
Президент облустун өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыты катары билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселесин атап, Ага-Хан эларалык университетинин ачылышы менен региондун алкагында эле сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда боло тургандыгын белгилеп, облустун туристтик потенциалын арттыруунун зарылдыгына да токтолду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG