Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Б.Батырбаев окторду аскердик бөлүктөн алган


Жогорку Кеңештин этика жана регламент боюнча комитетинен билдиришкендей, 23-октябрда аларга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал парламенттин коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа боюнча бөлүмдүн башчысы Бактыбек Батырбаев 2009-жылдын жайында аскердик бөлүктөрдүн бирине кат жүзүндө кайрылып, аталган бөлүмдүн кызматкерлерин бута атууга алпаруу максатында окторду алгандыгын билдирген. Учурда этика жана регламент боюнча комитет арызды текшерип жатат.
Буга чейин маалымат каражаттары Бактыбек Батырбаевден өзүнө керектөөгө деп алган көп сандагы согуштук октор табылгандыгын жазып чыгышып, парламенттин басма сөз кызматы болсо ага байланыштуу кызматтык текшерүү журүп жаткандыгын маалымдаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG