Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Баткенде мааракеге даярданган окуучулар сабактан калды


Бул тууралуу Баткен районунун тургуну Саитбек Жаппаров бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында облустун он жылдыгын белгилөө үчүн студенттер, жогорку класстын окуучуларынан болуп 1200 бала театралдаштырылган оюндарды даярдоо үчүн бир жумадан бери сабактан четтетилген. Ал эми бүгүндөн баштап калган жогорку класстын окуучулары да шаардын көчөлөрүн тазалоо үчүн окуудан убактылуу бошотулду. Жалпысынан болуп бул иш чарага 2 миңден ашуун бала тартылган. Баткен шаарынын Ленин атындагы орто мектебинин директору Уларбек Арапов "майрам мамлекеттик денгээлде болгондон кийин биз да четте калбашыбыз керек, үзгүлтүккө учураган сабактарды каникулдун эсебинин болсо да окутабыз"-деп көңүл жоошутту.

Баткен облусунун 10 жылдык мааракесин өткөрүү ушул айдын отузуна белгиленген. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG