Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

Европа Биримдиги Өзбекстанга эмбаргону күчүнөн кетирди


Брюсселде Анжиян качкындары Евробиримдиктин имаратын пикеттешти.

Брюсселде Анжиян качкындары Евробиримдиктин имаратын пикеттешти.

Европа Биримдиги Өзбекстанга 2005-жылдагы Анжиян кыргынынан кийин киргизген санкциялардын акыркыларын алып салды. Курал эмбаргосун күчүнөн кетирген биримдик Өзбекстан менен алакалар «жаңы мазмунга, жаңы сапатка» ээ болуп жатат деп ырасташууда.

Анжиянда мындан беш жыл мурун орун алган кыргында аскерлер демонстранттарды атып, өкмөттүн ырастоосунда 187 киши набыт болгон. Ошондон кийин Европа Биримдиги өзбек өкмөтүнүн мартабалуу 12 мүчөсүнө виза берүүгө тыю салып, бул өлкөгө курал сатууну чектеген.

Былтыр октябрда Брюссел виза эмбаргосун алып салып, Өзбекстан менен алакасын кайра калыбына келтирүү багытында кадам таштаган. Азыр эми курал эмбаргосу да күчүнөн кетирилди.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар кеңсеси Люксембургда шейшембидеги жыйынында бул чечим «Өзбекстандын соңку жылдардагы оң кадамдарына» байланыштуу кабыл алгандыгы айтылган билдирүү жарыялады.

Андай оң кадамдардын арасынан билдирүүдө айрым укук коргоочулардын түрмөдөн бошотулушу, Эл аралык Кызыл Чырым уюмуна түрмөлөрдү текшерүүгө уруксат берилиши, өлүм жазасынын күчүнөн кетирилиши, камак жайларындагы абалдын жакшырышы, жаш балдардын эксплуатациясына каршы эл аралык келишимдердин жактырылышы, Европа биримдиги менен адам укуктары боюнча диалогдун бекемделиши сыяктуу иш-чаралар аталат. Билдирүүнүн авторлору ошондой эле Евробиримдик Өзбекстан менен мамилесин бекемдөөгө кызыкдар экендиги белгилеп, өзбек бийликтерин «адам укуктары жана мыйзамдуулук жаатындагы реформаларын улантууга» чакырышкан.

Бирок санкциялар киргизилгенден берки төрт жарым жылдын натыйжаларын анализдеген талдоочулар кырдаалга кыйла башка өңүттөн баа беришүүдө.

Анжияндагы кыргындан кийин камалып, кийин бошотулган көз карандысыз журналист Умида Ниязова курал эмбаргосу Өзбекстан үчүн чоң мааниге ээ болбосо да, ал күчүндө калтырылышы керек болчу деп эсептейт:

- Өзбекстанда адам укуктарынын абалы мындан эки жылдагыдан начар. Айрым активисттерди, анын ичинде мени түрмөдөн бошошту, бирок ошончо, же андан да көп санда укук коргоочулар кайра камалды.

Ниязованын пикиринде өзбек өкмөтү Анжиян окуясынан кийин Евробиримдик койгон катуу талаптардын бирин да аткарган жок .

Айрым булактар Анжиянда 600дөн миңге чейинки санда киши набыт болгон деп эсептешет. Бирок Ташкен өкмөтү эч качан көз карандысыз иликтөөгө жол берген эмес.

Жалпысынан, укук коргоочулар Евробиримдиктин Өзбекстанга каршы санкцияларын күчүнө кетиришине абдан нааразы, бирок башкалар Өзбекстанды такыр обочолонтуп салуунун коркунучун белгилешүүдө.

Алардын бири Жеймс Никсон Лондондогу Чэтхем Хаус изилдөө институтунун Орусия жана Евразия программасын жетектейт. Анын пикиринде, санкциялардын алынып салынышын Өзбекстандын жана ага коңшулаш өлкөлөрдүн башчылары тескери түшүнүшү мүмкүн, бир эле мезгилде бул өлкөлөр азыр тышкы саясатында Орусияны гана пир тутпастан, Кытай, Европа Биримдиги менен кызматташууну да ойлоно баштаганын сөз кылаарлык жетишкендик деп эсептейт.

Ал ошондой эле бул санкциялардан кийин өзбек бийликтери экинчи Анжиянга жол бербейт деп ишенет:

Анжиян өзгөчө каргашалуу окуя болгон. Мындай учурларды эске албаганда, жазалоо дайым эле эң таасирлүү чара эмес. Жазалоо көп учурда ал көздөгөндөн тескери жыйынтыкка алып келет.
XS
SM
MD
LG