Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Греция баш калаасында полиция бөлүмү аткыланды


Кечээ кечинде белгисиз бир адам Афинынын четиндеги полиция бөлүмүн автоматтан аткылап, натыйжада 4 киши жараланды. Анын ичинде полициянын эки кызматкери оор абалда ооруканага жеткирилди. Кол салуунун себептери азырынча белгисиз. Грецияда декабрдан бери ашынган солчул топтордун зомбулугу күчөдү. Былтыр жыл этегинде бир өспүрүм бала полициянын огунан каза болгондон кийин өлкөнү нааразылык акциялары каптаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG