Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Кара-Колдо СИЗОдо ачкачылык акциясы башталды


Социал-демократтар партиясы тараткан маалыматка караганда ачкачылыкты Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан 10 киши жарыялашты. Алар муну менен өздөрүнүн ишин карап жаткан сотко ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн билдиришүүдө. Айыпталуучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков акция канча мөөнөткө созуларынан кабардар эместигин “Азаттыкка” билдирди.

Ачкачылык жарыялагандар 23-июлда “президенттик шайлоо өткөрүүгө тоскоол болгон, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык уюштурган” деп айтыпталып, камакка алынышкан. Алар өздөрү жана оппозиция муну бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий куугунтук деп билдирип келишет.

23-июль күнү президенттик шайлоого добуш берүү жараяны мыйзам бузуулар менен коштолгонуна нааразы болгон шайлоочулар адилеттик талап кылып, Балыкчы шаардык администрациясына келген жеринен милиция 19 кишини камакка алган.

КР президентин шайлоо өтө одоно мыйзам бузуулар менен коштолгондугун ЕККУнун байкоочулар миссиясы, эл аралык байкоочулардын ЕНЕМО уюму да баса белгилешкен. КР Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодо мурдагы жана азыркы президент К. Бакиев 76% добуш менен утуп чыкканын жарыялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG