Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Араб ишкерлерине 25 долбоор сунушталат


Энергетика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү, транспорт жана байланыш тармактарын өнүктүрүүгө багытталган бул долбоорлор менен Кыргызстан араб ишкерлерин кызыктырууга аракет кылууда. Бул тууралуу КР 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров журналисттерге маалымдады. Кыргыз тарап ислам өлкөлөрү менен буга чейин дагы экономикалык жактан кызматташып келген, мында өзгөчө банк тармагында кызматташуу жакшы жолго коюлган, дейт А. Жапаров.

Белгилүү болгондой ушул тапта Бишкектеги “Ак-кеме” мейманканасында араб жана жергиликтүү ишкерлердин, кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда тегерек үстөл болуп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG