Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

“Дин таануу” сабагы киргизилет


Билим берүүчү мектептердин окуу программасына “дин таануу” сабагын киргизүү боюнча тийиштүү иштер жасалып жатат, деп билдирди КР дин Дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчиси К. Осмоналиев бүгүн ЖК депутаттарына. Анын айтуусунда бул сабак Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен бир гана Кыргызстанда окутулбайт. К. Осмоналиевдин белгилегени боюнча бул сабакты окуу программасына киргизүү үчүн мугалимдерди, окуу китептерин даярдоо зарылдыгы бар.

ЖКнын “Ак жол” жана Социал-демократтар фракциялары бүгүн өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады. Айрым депутаттар коомчулуктун дин таануу сабаты жетишпегендиктен улам, жаш балдардын ар кандай кооптту дин агымдарына кошулуп кетүүсү арбыганын айтып чыгышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG