Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Кыргызстанда дүйнөнүн муз аллеясы ачылышы мүмкүн


Мындай сунушту Г.Мерцбахер атындагы “Мөңгү” коомдук фондунун жетекчиси Үрүстөм Кабылбеков бүгүн экология жана муздарды коргоого арналган тегерек үстөлдө билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга муз аллеясын ачуу туристтерди тартуунун жакшы жолу болуп бермек. “Бул долбоордун жардамы менен глобалдык климаттын өзгөрүшүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурмакпыз”, - дейт Ү.Кабылбеков. Эске сала кетсек, 2008-жылдын апрель айында “Мөңгү” коомдук фонду ушундай сунуш менен президент Курманбек Бакиевге кат жолдогон. Бирок мамлекет башчы бул идеяны колдогон эмес.(КЕ)

XS
SM
MD
LG