Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Каныбек Осмоналиев даабатка жамынып алып башка элдердин салтын таңуулаган диний агымдарга мамлекет каршы экенин билдирди.

-Каныбек мырза, диний кырдаал олуттуу деп аталып жатат. Мындай баа берүүгө эмне негиз берүүдө?

- Жалпы эле биз олуттуу деген сөздү айтканда, бүгүнкү күндөгү диндин Кыргызстан коомчулугуна тийгизип жаткан таасирин биринчи кезекте эске алуу менен айтабыз. Мисалы, биздин Кыргызстан азыр көп концессиялуу, дүйнөдөгү бардык диндердин борбору катары болуп калды. Мисал үчүн жалпы традициялуу деп эсептелген диндерден башка дагы 30-40ка жакын дүйнөлүк диндердин, ислам болобу, христиан болобу, негизи ушул эки диндин секталары орун алган. Биз айтып жүргөн диндердин ичиндеги конфликт проблемалардан сырткары дагы диндердин ортосундагы проблемалар бар. Ушулардын баардыгы биздин өлкөнүн, элдин стабилдүүлүгүн камсыз кылууга кандайдыр бир проблемаларды жаратып жаткандыгы үчүн гана ушул сөздөр айтылып жүрөт.

- Бул демек экстремисттик багыттагы тыюу салынган диний уюмдардын проблемасынан сырткары дагы өз ара салттуу диндердин ортосундагы мамилелерби?

- Салттуу диндердин ортосундагы мамилелер, мисалы айталы, ислам дини менен провослав динин ала турган болсок, бир нече кылым бою алардын ортосундагы мамиле ачык-айрым эле бойдон калып жатат. Негизинен ошол эки традициялык диндин ичиндеги секталардын түзгөн мамилелери жөнүндө сөз болуп атат.

- Мына ушундай кырдаалдын түзүлүшүнө себепкер катары мыйзамдардын аткарылбай жатканы аталган. Коопсуздук кеңештин акыркы жыйындарында айрым кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү да сунушталган. Сиз кандай чаралар керек деп эсептейсиз?

- Ошол акыркы 23-сентябрдагы Коопсуздук Кеңешинин аппаратынын жыйынында козголгон өлүм жазасын киргизүү маселеси диндерди тескөө менен эч кандай байланышы жок болчу. Тилекке каршы, муну айрым журналисттер жалпы контексттен алышып, сенсация катары берип жиберишкендиги мени абдан өкүндүрөт.

Чынында дин саясатын мамлекет ичинен жөнгө салуу боюнча укуктук нормативдик талааны пайда кылып, ошолорду камсыз кылып берүү ар бир мамлекеттин милдети да, биринчиден. Экинчиден, ошол диндердин ортосундагы мамилелерди мамлекет өзү бейтарап байкоочу катары болбостон, активдүү киришип ошол мамилелерди жакшыртуунун ар кандай механизмдерин ойлоп табуунун аракетинде болушу керек.

Үчүнчү, бул билим берүү саясаты. Биз билим берүү саясатын приоритет деп атап атабыз. Мунун ичинен диний окуу жайларында секулярдык билимдин дагы кандайдыр бир үлүшүнүн орун алышын карап жатабыз. Экинчи жактан, жалпы билим берүү мекемелеринде дүйнөлүк диндердин тарыхын, маданиятын окутуу маселе. Так айтканда, элдин диндик темадагы сабаттуулугун жогорулатуу.

- Демек медреселерге дагы Билим берүү министрлигинен лицензия алуу сунушталып жаткан. Бул качан ишке ашат?

- Мыйзам долбоорунда бул маселе бар.

- Сиз жетектеген мекеме "Таблиги жамаат" уюмуна тыюу салуу демилгесин көтөргөн эле. Ал кандай ишке ашырылып жатат?

- Ушул жерде дагы бир нерсени айтып коелу, бул дабаатка тыюу салуу жөнүндө эмес. Дабаат деген бул пайгамбардын осуяты катары, мусулманчылыктын арка-белинин бири катары кабыл алыш керек. Муну мамлекет, президент баардыгы адекваттуу түрдө түшүнүп турушат. Ал эми биздин каада-салтка, кылымдык традициябызга туура келбеген башка элдердин салтын даабатка жамынып алып таңуулаган "Таблик жамаатынын" аракетине каршы.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG