Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

Бан Ки Мун Кабулдагы жардырууну канкордук деп айыптады


Курмандыктардын алтоо Бириккен Улуттардын чет элдик кызматкерлери болгон. Куралчандардын кол салуусун талибдер 7-ноябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасын үзгүлтүккө учуратуу үчүн уюштургандыгын билдирди. Уюм дагы тогуз кызматкерлери жарадар экендигин билдирүүдө. АКШнын элчилиги курмандыктардын бири өз жараны экендигин бышыктады. Ал эми ооган полициясына ылайык, кол салгандардын үчөө, эки ооган коопсуздук кызматкери жана бир карапайым адам да набыт болду. БУУнун баш катчысы Бан Ки Мун кол салууну «канкор чабуул» деп айыптап, бирок ал БУУнун Ооганстандагы ишин үзгүлтүккө учурата албайт деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG