Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:39

Депутаттар өкмөт өкүлүнөн отчет талап кыла баштады


Өкмөттүн парламенттеги өкүлү депутаттардын суроо-талаптарына министрлер үчүн жооп бере албайт. Мындай дооматын “Ак жолчу” депутат Динара Молдошева парламент отурумунда билдирди. Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү депутаттар тарабынан өкмөт мүчөлөрүнө, министрликтерге айтылган кайрылуу, сын-пикирлерди тиешелүү даректерге жеткирүүнүн ордуна, алар үчүн жооп берип жаткандыгын белгиледи. Депутаттын белгилешинче саламаттык сактоо министри менен каржы министринин дарегине айтылган талаптар үчүн өкмөттүн өкүлүнөн жооп келген. Д. Молдошеванын сөзүн Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов кубаттап, депутаттардын айткан сын-пикирлери, суроо-талаптары өкмөттүн тиешелүү мүчөлөрүнө жетпей жаткандыгын айтып кетти. И. Өмүркулов өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн отчет талап кылууну сунуштады.

Нурханбек Момуналиев кыргыз өкмөтүнүн парламенттеги өкүлү болуп үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында дайындалган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG