Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Ардагерлер үчүн жол кире 5 сом


1-ноябрдан тарта Бишкектеги ардагерлер кичи автобустарда жүргөнү үчүн 5 сом жолкире төлөшөт. Мындай жеңилдик ардагерлерге күндүзгү саат 9:00 -17:00 аралыгында берилет. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Аргынбек Малабаевдин журналисттерге билдиргени боюнча 1-ноябрдан тарта борбор калаада жүргүнчүлөрдү ташыган кичиавтобустар 500гө кыскарат. Мындан тышкары шаар ичиндеги кичи автобустар жүргөн 5 каттам да маршруттук чийимден алынып салынат. Анын маалыматы боюнча учурда Бишкекте 2000 ден ашуун кичиавтобус эл ташыйт.

Эки жыл мурун алардын саны 3000дин айланасында болчу. Акыркы эки жылда коңшулаш Кытайдан 250дөн ашуун автобустар алып келинген. Ушул тапта автобустар менен троллейбустар 30га чукул каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташып жатышат. Ардагерлер бул унааларда акысыз жүрө алышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG