Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

И. Исаковдун сотунда күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү уланды


Бүгүн көрсөтмө берген күбөлөр Балыкчы аскер бөлүгүнөн сатылды деп айтылып жаткан автомашиналар тууралуу маалымат беришти. 2008-жылдын июнь айында коргоо министрлигинин курал-жарак башкармалыгы текшерген учурда 13 автомашина ордунда болгонун, автоунаалардын жоктугу 2008-жылы ноябрь айында болгон текшерүү учурунда аныкталганын билдиришти.


Белгилүү болгондой мурдагы коргоо министри И. Исаков бул кызматтан 2008-жылы май айында президенттин жардыгы менен бошотулуп, Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына дайындалган. Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан ал президент К. Бакиевдин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, өз каалоосу менен кеткенден кийин ага коргоо министри болуп турган учурда кызматынан пайдаланган, мамлекетке зыян келтирилген деген айып менен кылмыш иши козголгон.

И. Исаковдун соту 2-ноябрда уланат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG