Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

“Дордой”-”“Алай” таймашы үзгүлтүккө учурады


Бүгүн Нарындын “Дордой-Динамосу” менен Оштогу “Алай” командаларынын футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатты үчүн таймашы жаңжалдан улам үзгүлтүккө учурады. Күбөлөрдүн айтымында, чыр чабуул жасаган “Дордойдун” өкүлүн “Алайдын” оюнчусу бутка тээп жибергенден улам чыккан. Ал оюнчуга кызыл карта берилгенден кийин “Алай” командасы аянтты таштап кетип калышты. Учурда аталган топтордун машыктыруучулары оюнду улантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргызстандын футбол боюнча федерациясы бул окуя боюнча ырасмий комментарий бере элек. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG