Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Таласта рэкет балдардын ата-энесине акчалай айып салган жатышат


Талас шаарында бүгүн “Айкөл” бейөкмөт уюму тарабынан “Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка жол жок” деген ураан алдында акция өткөрүлдү. Бул акциянын уюштуруучулары 15 орундуу эки автоунаага “Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка жол жок” деген жазууларды жазып, шаар ичин кыдырып, мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүштү. Быйыл жай айында мектептеги рэкетчиликтин натыйжасында кайтыш болгон Бакай-Ата районуна караштуу Оро айылынын тургуну Нурак Садабаевдин сүрөтүн да акцияда көтөрүп алып жүрүштү. Жергиликтүү депутаттар менен бирге мындан ары мектепте рекетчилик менен кармалган баланын ата-энесине он миң сом айып салынаарын Талас шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, “Айкөл” бейөкмөт уюмунун башчысы Гульмира Темирбекова билдирди. Бул акцияга Талас шаарындагы №1 жана №2 орто мектептин окуучулары акивдүү катышты.

XS
SM
MD
LG