Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

МАГАТЭ Ирандан “алдын ала жооп” болгонун ырастады


Бүгүн мындан бир аз мурдараак Ирандагы "Исна" маалымат агенттиги өлкө МАГАТЭге өзөктүк программасы боюнча айтылган сунушка жообун бергенин кабарлаган. Президент Махмуд Ахмединежад болсо өзөктүк программа боюнча Улуттар уюму тарабынан айтылган сунушту колдой турганын билдирген. Ошол эле учурда “талкууга катышкан мамлекеттер дагы көбүрөөк жоопкерчиликти алышын каалай турганын” кошумчалаган. Бирок Ахмединежад Венадагы талкуудан кийин Иранга сунуш этилген келишимди колдойбу-жокпу – тактаган эмес. Улуттар уюмунун сунушуна ылайык, Иран уранды өзүндө байытпай, аны Орусияда жана Францияда байытууга жиберүү керектиги айтылган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG