Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Максим Бакиев үлкөн кызматка дайындалды


Президент өз жардыгы менен уулу Максим Бакиевди Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси кызматына дайындады.
Тийиштүү жардыка президент Курманбек Бакиев кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады. Президенттин буйруктары менен бул агенттиктин жетекчисинин орун басарлары болуп Азамат Дикамбаев, Алексей Елисеев, Учкунбек Ташбаев, Канат Асангулов дайындалды. Өнүктүрүү агенттиги президенттик реформалардын натыйжасында түзүлгөн жаңы орган. Президенттик институтка кирген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча агенттиктин башчысы Президентик кеңешменин да мүчөсү боло алат. Президенттик кеңешмеде болсо өлкөнүн ички жана тышкы саясатына байланыштуу орчун маселелер каралат.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG