Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

БУУ Кабулдагы кол салууну айыптады


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Ооган өкмөтүн жана эл аралык коомчулукту уюмдун Ооганстандагы кызматкерлерин коргоо үчүн көбүрөөк чара көрүүгө үндөдү. Кабулда ушул аптада болгон теракттан уюмдун 5 кызматкери жана оогандык 3 киши каза тапкан. Баш катчы 7-ноябрь күнкү добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн талиптер Улуттар уюмунун кызматкерлерине чоң кооп туудурушууда деди. Быйыл уюмдун 27 аскерий эмес кызматкери ар кандай зомбулуктардан набыт кеткен, алардын жарымынан көбү Ооганстан менен Пакистанда курман болду, - деди Пан Ги Мун. Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсүндө талиптердин шаршемби күнкү кол салуусу айыпталат. Шайлоо белгиленген мөөнөттө өтүүгө тийиш, Улуттар уюму өнөктүктү колдойт, - деп айтылат документте.

XS
SM
MD
LG