Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Ош-Исфана жолун оңдоого 35 миллион доллар берилет


Президент Курманбек Бакиев Баткендин он жылдыгына арналган салтанатта Европа өнүгүү жана реконструкция банкынан Ош-Исфана жолун оңдоого 35 миллион доллар насыя алуу тууралуу келишимге кол коюлганын маалымдады. Элүү чакырымга созулган Пүлгөн-Бүргөндү жолунун курулушуна жана Сох дарыясына көпүрө салууга 280 миллион сом жумшалганын билдирди. К. Бакиев аймакта эки жүзгө жакын айылдын теңинен көбү таза суу менен камсыз болгонун, суу маселесин чечүү үчүн өкмөт аймакта кошумча дагы алты канал курууну пландап жатканын айтты. Бул үчүн республикалык казнада 550 миллион сом бөлүнөт, дейт К. Бакиев. (EBM)

XS
SM
MD
LG