Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

Буга чейин интернетте домендик жана башка аталыштардын баары латын тамгасы менен жазылып келсе, эми арап, кытай жана башка тилдер да колдонула баштайт.

Интернеттеги домендик жана башка аттарды тескеген ICANN уюму бүгүн Сеулдагы жыйында ушундай чечимди жактырды. Эми ар башка тилде жазылган аталыштарды дүйнөлүк маалымат желесинен жаңы жылдан тарта учурата алабыз.

Андай болсо сиз “чекит ком” дегенди арапча, же кыргызча кантип жазасыз?

Муну акылга сыйбаган суроо дебеңиз. Анткени дүйнөдөгү 1,5 млрддан ашуун интернет колдонуучуларынын жарымынан көбү өз эне тилинде латын арибин колдонбойт. Ошого карабай, азырга чейин интернетке киргенде адрести териш үчүн латынча жазганга мажбур болуп жатышат.

Дүйнөдө интернетти көзөмөлдөгөн негизги компания (ICANN) эми өз тилинде латын арибин колдонбогон орустарга, оогандарга, кытайларга жана башкаларга оңой болсун үчүн домендерди башка тилдерде да жазууга мүмкүндүк бериш керектигин айтып чыкты.

Элестетип көрүңүз, сиз Кыргызстанда же башка жакта отуруп эле, “Азаттыктын” сайтын латын арибинде тербей, кирилл жазмасы менен эле “азаттык.кг” деп жаза аласыз. Мына ушундай эле жол менен араптар өздөрүнүн арибин, жапондор иероглифтерин колдоно алышат.

Азырынча интернет домен адрестери үчүн жалаң латынчаны тааныйт. “Анткени интернет өзү алгач латын арибин колдонгон АКШда жаралган”, - дейт ICANNдин расмий өкүлү Бред Уайт.

“Интернет алгач АКШда пайда болгону менен, ал азыр глобалдык байланыш каражатына айланды, - деди ал “Азаттыкка”. - Ошентсе да бул кайсыл бир деңгээлде координацияга алынып турушу зарыл. Бул – ICANNдин милдети. Бирок муну көзөмөл деп эсептебеш керек, биз жөн гана ишти жолго салып турмакчыбыз”.

ICANNдин милдети демекчи, бул ишкана дүйнөдө интернетте пайда болуп жаткан ар бир домен кайталангыс, жалгыз болушун көзөмөлдөп турат.

Алар бул жаңы өзгөрүүлөрдү киргизип атышынын себеби интернет башка улуттарга да колдонууга жеңилирээк болсун дешет.

“Биз өзгөрүүлөрдү бир паста жасай койбой, бир аз убакыт талап кылса да, баарын этияттык менен жасайлы деп жатабыз. Анткени биринчи кезекте интернеттеги даректер системасынын туруктуу иштешин, коопсуздугун камсыз кылыш керек”, - дейт ICANNдин расмий өкүлү Бред Уайт.

Бул уюм жаңы системага өтүш үчүн буга чейин сынак иретинде интернетти акыркы эки жыл бою 11 башка тилде колдонуп көрдү. Бирок бул жараян глобалдык деңгээлде баары бир 2010-жылдан тарта гана толук иштей башташы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG