Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

“Алай” футбол командасы “Дордой Динамодон” жеңилди


Мындай чечимди Кыргызстандын футбол федерациянын тартип боюнча комитети чыгарды. Федерациядан билдиришкендей, оюнду улантуудан баш тартып, футбол майданын өз алдынча таштап кеткендигине байланыштуу “Алай” командасы "Дордой Динамодон" 0:3 эсебинде жеңилди деп эсептелип, аларга 30 миң сом айып акы салынган. Эскерте кетсек, 29-октябрда бул эки команданын ортосундагы таймаш учурунда чыр чыккан. Чыр чабуул жасаган “Дордойдун” өкүлүн “Алайдын” оюнчусу бутка тээп жибергенден улам болгон. Ал оюнчуга кызыл карта берилгенден кийин “Алай” командасы аянтты таштап, кетип калышкан эле. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG