Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

Нарында ИИБнын ардагерлер кеңешине 30 миң сом ыроолонду


Бүгүн Кыргыз милициясынын 85 жылдык мааракеси облустук М.Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өттү. Аземде губернатордун биринчи орун басары Мирадил Бакашов куттук кеп айтып, 8 кызматкерди облустук акимчиликтин Ардак грамотасы, 4 кызматкерди баалуу белек жана дагы 4 кызматкерди 2000 сомдон акчалай сыйлык менен сыйлап, ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешине губернатордук кордон 30 миң сомду тапшырды. Ал эми Нарын шаар мэри Алмаз Кулматов Шаардык ички иштер бөлүмүнө телевизор ыроолоду. Нарын ОИИБнын кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Мады Турпанбаевдин маалыматы боюнча, Теңир Тоо жергесинде алгачкы жумушчу-дыйкандар милициясы 1920-жылдын ноябрь айында калыптанган. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG