Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Ооганстанда шайлоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн


CNN телеканалы жана “Ассошиэйтед пресс” маалымат агенттиги Ооганстанда 7-ноябрга белгиленген президенттик шайлоонун экинчи айлампасына мурдагы Тышкы иштер министри Абдулло Абдулло катышуудан баш тартышы мүмкүн экенин айтып чыгышты. Абдулло азыркы президент Хамид Карзай менен шайлоону ачык, акыйкат өткөрүү боюнча талаш-тартыштардан кийин, мунаса таппай, ушундай чечим кабыл алганын билдиришүүдө. Бирок бул кабар расмий тастыктала элек. Ооганстанда шайлоонун биринчи айлампасы добуштардын массалык бурмаланышы менен өткөнү тастыкталгандан кийин, анын экинчи айлампасын өткрмөй болушкан эле.

XS
SM
MD
LG