Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

В.Путин Украинага газ боюнча эскертүү жасады


Орусиянын премьер-министри Владимир Путин Украинаны бул жолу да орус жаратылыш газы үчүн убагында карызын төлөй албашы мүмкүн деген. Бул үчүн ал бейшембидеги билдирүүсүндө украин президенти Виктор Ющенкону, газ кризин жөнгө салууга көмөк көрсөтө албаган Евробиримдикти айыптаган. Ал Украинанын премьер-министри, 17-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууну каалап жаткан Юлия Тимошенко менен телефондо сүйлөшкөндөн кийин ушундай оюн айткан. Бирок андан кийин Украинанын борбордук банкы орус газы үчүн убагында карызды төлөгөнгө “Нафтогазда” жетиштүү акчасы бар экенин билдирип чыкты. Орусия менен Украина ортосунда газ чатагы бир топ жылдардан бери уланып келатат. Анын айынан бир нече жолу Европанын айрым бөлүктөрү кышында газы жок калган.

XS
SM
MD
LG