Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Карзай Шайлоо комиссиясынын чечимин күтөт


Ооганстандын президенти Хамид Карзай бүгүн “Азаттык” менен болгон эксклюзив маегинде билдиргендей, ал өлкөнүн Шайлоо комиссиясы 7-ноябрдагы шайлоо боюнча кандай чечим кабыл алса да, аны кабыл алат. Карзай менен бирге 7-ноябрдагы шайлоодо президенттик кызмат үчүн ат салышууга бел байлап жаткан талапкер Абдулла Абдулла шайлоого катышпай турганын жарыялаган эле. Буга себеп катары мурдагы Тышкы иштер министри Абдулла шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн койгон талаптары бийлик тарабынан аткарылбаганын келтирген. "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Хамид Карзай "Доктор Абдулла баары бир шайлоого катыша берсе сүйүнмөкмүн. Бул баарыбыздын кызыкчылыгыбыз үчүн жакшы болмок. Бирок ал эмне деп чечсе, өз эрки", - деп айтты. Эми Карзай шайлоо боюнча өлкөнүн Шайлоо комиссиясы кандай чечим кабыл алса, ага баш ийерин билдирди.

XS
SM
MD
LG