Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Кыргызстан газ үчүн карызынан 1-декабрга чейин кутулат


Бул тууралуу жума күнкү парламент отурумунда энергетика министри Ильяс Давыдов билдирди. Анын айтымында карыздын бир бөлүгүн Кыргызстан ноябрдын ортосунда, калганын айдын этегинде берүүнү болжоодо. 29-октябрда өкмөт газ үчүн Өзбекстанга 4,2 миллион сом төккөн. Быйыл Кыргызстан Өзбекстандан жалпысынан 47 млн. доллардык газ сатып алган. Анын 32 миллион доллардан ашыгы мурда төлөнгөн.
Өзбекстан карызды төлөөнү талап кылып, газ сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү уланткан жери жок.(BuS)

XS
SM
MD
LG