Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Пакистан талиптерди кышка чейин сүрүп чыгууга үмүттөнөт


Пакистандын тышкы иштер министри Ооганстан менен чек ара аймагындагы талип согушкерлерин кыш келгичекте сүрүп чыгууга үмүттөнөт. Махдум Шах Махмуд Куреши кабарчыларга маалымдагандай, Түштүк Вазиристандагы операция ийгиликтүү болду, согушкерлер күтүлгөндөй туруштук беришкен жок. Анын аралыгында өкмөттүн атайын тобунун жетекчиси генерал лейтенант Надим Ахмад 250 миңдей киши чөлкөмдөн жер которушканын билдирди. Пакистан өкмөтү Түштүк Вазиристанда талиптерге каршы ири операцияны октябрда баштаган.

XS
SM
MD
LG