Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

М.Бакиев: Жакын арада төрт долбоор ишке ашырылат


Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев бүгүнкү өткөргөн маалымат жыйынында аталган агенттик жакын арада төрт долбоорду ишке ашырарын билдирди. Анын айтымында, биринчиден ипотекалык компания түзүү, ал Бишкек,Ош шаарларында 150 миң чарчы метрлик турак жай куруп, ишке берүүсү, ага 10-15 жылдык мөөнөткө пайыздык үстөгү арзан каражат берүү каралууда. Экинчи долбоор, айыл тургундарын жана фермерлерге микрокредиттик система түзүү, үчүнчүсү узак мөөнөттө агроөндүрүш комплекстерин техника, жабдыктар менен камсыздоо боюнча лизингдик компания түзүү. Төртүнчү долбоор, агропродкорпорациянын ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатын көздөйт. М.Бакиев бул долбоорлор жеке-мамлекеттик өнөктөштүк өңүттө иштей тургандыгын, ипотекалык компания түзүүдө башкы иш аткаруучу менен өнөктөш банкты мамлекет аныктарын белгиледи. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG