Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Жабык мекемелерди текшерүү методологиясы иштелет


Жабык мекемелерди жарандык коом менен күч структураларынын көзөмөлдөп, текшерүү методологиясын иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топко депутат Алишер Мамсалиев төрагалык кылып, анын курамына парламенттин, ИИМ, ЖАББ, атайын прокуратуранын жана адамдардын укугун коргоо багытындагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген. А.Мамасалиевдин билдиришинче, аталган методология президент К.Бакиевдин «Өлкөнүн жаңылануу багытынын» алкагында жарандык коомдор менен биргелешип иш алып баруу контексине ылайык иштелип чыгат. Буга чейин бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү абактарда жана убактылуу кармоочу жайларда кармалган адамдардын укуктары бузулуп, укук коргоо органдары тарабынан мыйзам бузуулар болуп жатканын билдиришкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG