Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

БӨАнын курамы маалымат жыйынын өткөрдү


Бүгүн Өкмөт үйүнүн чарчы залында Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев, агенттиктин орун басарлары Азамат Дикамбаев, Учкунбек Ташбаев, Алексей Елисеев, ошондой эле агенттиктин бюджеттик кызматынын жетекчиси Канат Асангулов алгачкы брифинг өткөрүштү.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Максим Бакиев, «Өнүктүрүү боюнча агенттикти түзүү идеясынын негизинде өнүктүрүү жана иштөө процесстерин ажыратуу, өнүктүрүү ресурстарын бир жерге топтоштуруу, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу зарылчылыгы жатат»,- деп белгиледи.
«Биз ресурстарды башкаруу принциптерин - административдик башкаруудан корпоративдик башкарууга өзгөртүп жатабыз, бизнес менен жарандык коомдун тажрыйбаларын чечим кабыл алуу процесстерине киргизели деген ойдобуз. Агенттик өз ишин уюштуруу формалары боюнча башкаруунун жаңы ыкмаларынын, жогорку технологияларды пайдалануунун үлгүлөрүн көрсөтүүгө тийиш»,- деп белгиледи Өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчиси.
Алгачкы кадам катары Өнүктүрүү боюнча агенттик төрт демилге-долбоор даярдоодо: - ипотекалык компания түзүү. Бул долбоордун максаты - Бишкек жана Ош шаарларында жалпыга жеткиликтүү 150 чарчы метр метр турак-жайды пайдаланууга берүү, фермерлер жана элет жашоочулары үчүн жеткиликтүү микрокредиттик системаны түзүү, агроөнөржай комплексинин чарбаларын техника менен камсыз кылуу үчүн лизинг компаниясын түзүү, Агроөнөржайкорпорациясынын ишмердүүлүгүн кеңейтүү.
Брифингдин катышуучулары Өнүктүрүү боюнча агентчилик коом алдында ар дайым отчет берип тураарын белгилеп, жарандык түзүмдөрдү бул багытта тыгыз кызматташууга чакырышты. Бул тууралуу президенттин катчылыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG