Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 08:56

Түндүк Корея АКШны сүйлөшүүгө чакырды


Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин АКШны түз сүйлөшүүгө чакырган билдирүүсүн өлкөнүн мамлекеттик жаңылыктар агенттиги таратты. Анда Пхеньян өзөктүк программасы боюнча учурда токтоп калган алты тараптуу сүй лөшүүгө кайтууга даяр экендиги, бирок ага чейин АКШ менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү көздөөрү айтылган. Түндүк Корея алты тараптуу сүйлөшүүдөн быйыл жыл башында чыгып, май айында экинчи өзөктүк сыноосун өткөргөнү үчүн БУУнун жаңы санкциясына кабылган. Алты тараптуу сүйлөшүүлөргө болсо Түндүк Кореядан тышкаары, Түштүк Корея, АКШ, Орусия, Кытай жана Жапония катышып келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG