Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Хакимовдордун үй-бүлөсү Түмөндө кулчулукта эмес


Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, Эркинжан Хакимовдордун үй- бүлөсү Түмөндө күчтөп калтырылып, кулчулукта иштеп жаткандыгы тууралуу маалыматтар ырасталган жок. Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн, элчилигинин кызматкерлери жана “Кыргыз биримдиги” диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында, бул үй-бүлөнүн бир мүчөсү “Самарканд” кафесинде ашпозчу, калганы акы төлөп берүүчү тиричилик таштанды полигонунда иштей тургандыктары аныкталган. Алар Хакимовдордун үй-бүлөсү менен жолугушуп, сүйлөшүшкөн. Алардын кыйноосуз кадимки шартта иштеп жаткандыгын тастыктаган видеоматериалдар, фотосүрөттөр жана Хакимовдун бул туурасында берген өзүнүн көрсөтмөсү бар экендигин маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 15-сентябрда Түмөндө кулчулукка сатылып, качып келген Ош шаарынын тургуну Абиджон Муролимов Түмөндө кавказ улутундагылардын колунда кулчулукта анын тууганы Эркинжан Хакимовдун үй-бүлөсү калганын айтып, жардам сурап Ош шаарындагы “Укук жана тартип” укук коргоо борборуна кайрылган болчу. Аталган укук коргоо борбору Орусиянын Эсептөө палатасына, Урал аймагынын Башкы прокуратурасына жана башка тиешелүү органдарына кайрылып, жооп ала алган эмес. Ал эми Кара-Суу районунун прокуратурасына кайрылышканда, алар Кылмыш-Жаза Кодексинин 124-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. (AzK)

XS
SM
MD
LG