Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Турак-жай кодексин жаңылоо зарыл


Бүгүн ишканалардын жана мекемелердин мурдагы жатаканаларынын “Татыктуу турмуш” асcоциациясы өткөргөн жыйында ушундай жыйынтык чыгарылды. Анда негизинен мурдагы чоң ишканалардын жатаканаларын менчиктештирип алган кожоюндар менен жашоочулардын ортосундагы талаштар боюнча сот процессинде таза чечимдер чыкпай жаткандыгы, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн үлүшүнө таандык аянтчалар муниципиалдык орган тарабынан туура эмес бөлүштүрүлүп жатканы туурасында сөз болду. Иш чарага парламенттин депутаттары, сот өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.(AzK)

XS
SM
MD
LG