Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Берлин дубалы уратылгандан бери 20 жыл өттү


Эки система ортосундагы Берлин дубалы урагандан кийин
Эки система ортосундагы Берлин дубалы урагандан кийин

Мындан туптуура 20 жыл илгери 9-ноябрда капиталисттик-коммунисттик системаны бөлүп турган Берлин дубалы уратылып, Германиянын батыш менен чыгыш калкы кайрадан бир мамлекет болуу мүмкүндүгүнө жетишкен.

Коммунисттик империянын тарыхый тактыдан кетиши Берлин дубалынын урашынан башталып, аягы СССРдин ыдырашына, эгемен республикалардын пайда болушуна алып келген.

Экинчи дүйнөлүк уруштан кийинки Германияны батыш менен чыгышка бөлчү чек араны бекем бетон дубал менен тосуу демилгеси Германия Демократиялык Республикасы тарабынан көтөрүлгөн. Колго алган ишти бекем жасаганга маш калкты кылым турса урагыстай бийик бетон дубал аркылуу бөлүп коюуну Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн жетекчилери да жактырган. Ошентип аскердик күчтүн жардамы менен 1961-жылдын 13-августунда Берлин бетон тосмосу тургузула баштаган. Саясий эки система ажырымынын символуна айланган бетон дубал 155 чакырымга созулган. Берлиндин ичинде эле 43,1 чакырымга жеткен тосмону 1989-жылдын 9-ноябрында кылкылдаган көпчүлүктөн коргоого бушайманы келбеген ГДР өкмөтү чек араны ачууга мажбур болгон. Анан ал 1990-жылдын 1-июлунан тарта ортодогу чек ара көзөмөлүн алып салган. Ортодогу бетон тосмодон Батыш Германияга качып өтмөкчү болгон 1245 адам чыгыш германиялык чек арачынын огунан набыт кеткен.

Атаандаш эки системанын бири тарыхый тактыдан кетүүгө мажбур болушу Берлин дубалынын урашынан башталган. Ортолук тосмо алына электе ал жерде бир нече ирет болуп келген илимпоз Чолпон Дыйканованын айтуусунда, бетон дубал аркылуу бөлүнгөн эки системага ишенип жашаган элдин биригиши, ортодогу экономикалык-саясий проблемалардын жоюлушу үчүн кыйла убакыт керек экени ушу азыр билинип калды.

- Азыр ушу 20 жыл болду. 20 жылдын ичинде кыйналса дагы келерки 20 – 30 жылдын ичинде мунун баары унутулат. Жаңы муун келет. Жаңы немистер келет. Ошондо кайра немис улуту, немис өлкөсү күчөйт го, деген оюм бар.

Профессор Памира Кадырбекова Берлин дубалы кулаган күндөрү Москвада аспирантурада Германия таануу боюнча илимий ишин жазып жүргөн болчу. Аны менен чогуу окуган германиялык илимпоздор бөлүнүп калган эки өлкөнүн биригиши көпчүлүктүн көңүлүн көтөргөн улуу окуя катары сыпатташканын, ошол эле учурда эртеңкиси кандай болот, деген камтамачылык да болгонун эстейт. Андай сарсанаанын негизи бардыгын Батыш менен Чыгыш Германиянын ортосундагы психологиялык ажырым ушу кезге чейин толук жоюлбай келатканы деле ырастап турбайбы.

- Көпкө чейин калат. Себеп дегенде, мындан беш жыл мурун менин немистерден уккан кебим бар. Германиянын кошулгандыгы үчүн деген салык бар турбайбы, мен аны өзүм окуганым жок, бирок мага айтышты. “Эмне үчүн биз салыкты төлөшүбүз керек? Чыгыш Германияны көтөрүш үчүн. Эмне үчүн аны биз төлөшүбүз керек”, деп нааразы болгон банк кызматкерлеринен уккам.

Германиядагы Тюбинген университетинин студенти Анне Берлин дубалы ураганын бала кезинде телекөрсөтүүдөн көргөн. Анын айтуусунда, эки өлкөнүн биригишинен биртоп проблемалардын калкып чыгышы мыйзамченемдүү нерсе.

- Мүмкүн уулуу муун арасында андайлар бардыр. Анын ордуна заыр жаңы муун келүүдө. Жаңы муунда, менин оюмча, андай проблемалар жок. Эркиндик, өз алдынчалык андай тоскоолдорду жоюп салат.

Ушундай эле пикирин Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Хольгер Грин да билдирди. Анын айтуусунда, 20 жылдын ичинде ортолук проблемалардын көбү жоюлду.

- Бириккенден кийинки алгачкы жылдары проблемалар болду. Мурдагы ГДРдеги көп адамдар ишсиз калышты. Анын себеби алар иштеген ишканалардын көбү өзүн-өзү актай албай калышкан. Бул аралыкта жаңы бир муун өсүп чыкты. 40 жашка чыгып калган бул муундун социалдык жетилүүсү бириккен Германиянын тушунда болду.

Хольгер Грин Берлин тосмосунун урашы дүйнөлүк өнүгүүгө жаңы жол ачканын белгилеп, мурунку СССР курамындагы республикалардын өз алдынчалыкка жетиши да 1989-жылдын 9-ноябрынан башталганын ырастады.

Тасмада: Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл

Берлин дубалы ураганына жыйырма жыл толду. Бул окуяны утурлай Бишкектин көчөлөрүндө "Сиз бул тууралуу кабардарсызбы?" деген суроо узаттык. MiT.

Берлин дубалынын кулаганына 20 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

XS
SM
MD
LG