Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Ак таңдай акын Какен Алмазбековдун туулган күнүнө быйыл 75 жыл толду.

Какен Алмазбеков 1934-жылы Сары-Өзөндүү Чүйдүн Шалта айылында төрөлөт. Ал тирүү болгондо үстүбүздөгү жылы 75 жашка чыкмак. Какен 57 жаш курагында «өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагып, бааланбай, баркталбай жүрүп, о дүйнөгө сапар алды.

Ал айылдык жети жылдык мектепти бүткөндөн кийин ордо калаадагы №5 кыргыз орто мектепте окуйт. Тилекке каршы, оорунун айынан окубай калат. Бирок Алмазбеков ден-соолугунун начардыгына карабай оозунан ырын, колунан калемин түшүрбөй окурмандардын, угармандардын жүрөктөрүнөн түнөк таба тургандай ырларды, айтыштарды, термелерди жазат.

“Жыргал”, “Мелдеш”, “Ырлар”, “Кимде айып” аттуу ырларынын, термелеринин, дастандарынын жыйнактарын басмалардан чыгарат. Төкмө акындар эл артисттери Орозбек Кутманалиев, Замирбек Үсөнбаев, ырчылар М.Аликеев, А.Атамкулов, С.Көчөрбаев ж.б. шайырлар “13 жашаар баланын каты”, “Кырсыктан жаштар алыс бол”, “Эненин арманы”, “Саламадашуу”, “Кыргыз көчү”, “Айсаранын арманы” аттуу ж.б. термелерин, армандарын, санаттарын калың калк алдына ырдап чыгышат.


Какен Алмазбековдун ырларын, термелерин сахнага алгач ырдап чыккан саналуу акындардын бири Замирбек Үсөнбаев болду.

- Замирбек мырза, өзүң жакшы билгендей Какен Алмазбеков “ак молдонун” артынан сая түшкөн акын, анын ырларын, термелерин ырдаба деген жетекчилеринин айткандарына кулак какпай, термелерин, дастандарын алгачкылардан сахнага ырдап чыккандардын бириненсиң. Маркум Какен жазгыч акын болсо да эмне үчүн ырлары, айтыштары, термелери, дастандары ырдамдуу, обондуу, элге жетимдүү?

- Биринчиден, мен Какен байке жөнүндө айтарым, ал улуу талант эле. Сиздин сурооңузга жооп катары айтаарым, Какен байке төрөлгөндөн оозеки адабий чыгармачылык менен өскөн. Өзү айтаар эле, эл шайырлары айылга келип концерт бергенде алардын ырларын шак жаттап айтуучумун. Төкмө акындардын айтыштарын окуучумун, анан комуздун коштоосунда эле кыңылдап ырдоочумун, - деп айтуучу.

Ачык айтсам, Какен агай төрөлгөндөн кыргыздын оозеки адабий чыгармачылыгына бүтүндөй жан дүйнөсү, бүтүндөй денеси менен сугарылган киши эле. Ошон үчүн ал башка жазгыч акындардан айырмаланып кагазга жазган ырлары жайлоонун желиндей болуп эпилдеп, адеп айтканда эле жүрөгүңө уюп калган саптардан турат.

Мен жаш кезимде Какен аганын ырларын сахнага ырдап чыкканда маданият жетекчилери ар кандай себептер менен Какендин ырын ырдаба деп каршы чыккандар болгон. Ошого карабай эле концерттерде ырдай берчүмүн. Мени Какен агай аябай жакшы көрчү. Сен жакшы так, ачык, уйкаштыгын бузбай ырдайсың деп акыл-насааттарын айтчу.

Термелерин, санаттарын ырдып чыккан күндөн эле элге сиңип кетти. Ырлары жөп-жөнөкөй эле жазылган. Көрсө, улуу талант жөнөкөй болот экен. Мен айылдарга барганда Алмазбековдун ырларын сиздин аткарууңузда радиодон уктук эле дешип, жөнөкөй угуучулар ырдап беришчү.

Какен байкени учурунда баалай албадык. Мен билгенден жазма акындардын ичинен эки зор акынды - Байдылда Сарногоев менен Какен Алмазбековду жакшы билем. Алар ар бир жазган ырларын жатка билүүчү. Көп эле кечелерде Какен байкенин жанында туруп көп эле ырларын уктум. Ал чөнтөгүнөн дептер, кол жазмасын алып окуучу эмес. Ал төгүп эле ырларын айта берчү. Өзү эргип кеткенде ырдап да жиберүүчү.

Байдылда байке да ошондой эле. Мен ойлойм экөөнүн кыргыздын нак улуттук уңгулуу сөздөрү, ырлары эненин сүтү менен бирге сиңген. Какен байкенин Т.Абдумомунов атындагы драма театрында автордук кечеси өттү. Мен да катыштым. Ошондо ырларын окуду. Андан кийин кечеси өткөн жок.

Мен азыркы кезде Б.Бейшеналиева атындагы көркөм институтунда окушкан акындар менен дастанчыларга сабак берем. Программада чыгармалары бар. Анткени термелер, дастандар менен таанышууда, ырдоодо аткарууда адамга бат сиңет, жаттоого жеңил кереметтери бар.

1991-жылдын 23-февралында Кыргыз академиялык драма театрында Какендин “Лира кечеси” өтөт. Ага акындын калемдештери, аттуу-башттуу төкмө акындар, ырчылар, обончулар катышат. Бул кечеге Какендин теңтушу эл артисти, төкмө акын, киноактер, ырчы Орозбек Кутманалиев да катышат. Ошондо ал мындай деп сүйлөгөн экен:

-Какен экөөбүз бала кезибизде алма багынын ичинде көк шиберде жатып, балалык бир тилек тиледик эле. Суктанган адамдарыбыз Аалы Токомбаев менен Абдылас Малдыбаев. Ал кезде Алыкул Осмоновдун ырларын анча көп биле элекпиз. “Сен Аалы Токомбаевдей болуп ыр жазсаң, мен Абдылас Малдыбаевдей болуп ырдасам” деген ошондогу тилегибизди азыр да күнү бүгүнкүдөй сактап келебиз. Эми мен Какен жазган “Он үч жашар баланын атасына жазган катын” ырдап берейин, - деп маркум Орозбек “Он үч жашар баланын атасына жазган катын” ырдаган эле.

Маркум Какендин термелеринин, армандарынын ичинен “Айсары”аттуу армандуу термеси төкмө акындардын, дастанчылардын, элдик ырларды аткаруучулардын арасында ооздон-оозго көчө ырдалат. Кокон хандыгынын учурунда түндүкчү Тойчук дегендин көзгө басар Айсары аттуу сулуу, кошокчу, ырчы кызы бөлөк элге, бөтөн жерге айыпка ботодой боздоп кетип бараткан муңун ырчы Айтбүбү Атамкулова мындайча калк алдына муңдана ырдап чыккан эле.

Көрүнүктүү акын Алмазбековдун термелери бүгүнкү күндөгү төкмө акындар, ырчылар тарабынан ооздон оозго көчө ырдалып угуучуларды ырахатка бөлөп келүүдө.

Адата калк арасында «ыр элдин жаны», «ырсыз эл да, турмуш да жок» деген канаттуу накыл кептер айытылып келет. Анын сыңарындай Алмазбековдун элдин жан шеригине айланган элдик аваздык көркөм боектор менен журулушкан бүтүндөй кыргыздардын турмуштарынын төрт тарабын даңазалаган карапайым угуучулардын жүрөктөрүнө чок сала жан дүйнөлөрүн кытыгылаган эл, жер, дүйнө, арман, өмүр, өлбөс-өчпөс тунук махабат ж.б. ар кыл темалардагы көөнөрбөс толгон токой ырларды жазат.

Ал ырлар жөнөкөй гана окурмандардын көңүл кошуна айланбастан, обончулардын, композиторлордун, угуучулардын да жан дүйнөлөрүнөн түнөк тапкан жаңы обондорду чыгаруусуна бирден-бир булак болот. Алсак, акындын сөздөрүнө-ырларына ар кыл муундагы, ар кандай шыктагы обончулар, композиторлор биринен сала бири угармандардын жарптарын жазгандай мукамдуу 80ден ашуун обонду чыгарышат.

Ал ырларды аттуу-баштуу элдин ырчылардан тартып, опералык ырчылар комуздун, аккордиондун, баяндын ансамблдерин, хордун, эл аспаптар, симфониялык оркестрлердин коштоосунда ырдашып келүүдө. Өз кезегинде көрүнүктүү элдик ырчы Жапар Чабалдаев Какендин элдин секетбайдык үлгүсүндө жазган “Кайдасың келчи дегдетпей” аттуу ашыктык ырын элдик күйгөндүн обонуна сала мындайча жалбырттай жана ырдаган эле.

“Кайдасың келчи дегдетпей”

Сөзү К.Алмазбековдуку. обону элдики
(үзүндү)

Сүйкүмү сенсиң жанымдын,
Ичине түштүм жалындын,
Тымызын ичим тызылдап,
Алтыным сени сагындым.

Тамылжып нуру жүзүңдүн,
Адамдын тартып жүрөгүн,
Жанымда жүргөң күн эсте,
Жайлоонун кечип шиберин.

Кыргыз обонун атасы атыккан айтылуу Жумамүдүн Шералиев да Алмазбековдун ырларынын ар бир сабынан обондун ыргактары өзүнөн шыбыргактап төгүлгөн “Геологдун ыры”, “Албырып шаттык жүзүңдө” аттуу ашыктын алтын казнасын байыта тургандай маңыздагы, аваздык өткөрө көркөмдүктөгү обондорду чыгарат. Теңир-тоонун мөлтүр булагындай тунук үндүү көрүнүктүү ырчы Сагыйпа Чечейбаева мойнуна тоодой милдеттүү жүктү көтөрүп, аңтарып тоодон кен издеген бозойдун селкисин эстеп зар катканын кезинде мындайча созолонто ырдаган эле.

“Геологдун ыры”
(үзүндү)
Сөзү К.Алмазбековдуку. обону Ж.Шералиевдики.

Тоодой жүк милдет мойнумда,
Толкундайм тоонун койнунда,
А бирок эркем өзүң жок,
А дагы түшүм оюма,
Деги, эми эмне кылам капырай,
Эсимден кетпей койдуң да.

Аңтарып тоодон кен издейм,
Ардагым менин деп издейм,
Аралап кайда жүрсөм да,
Алыстан жүргөн сени издейм.
Деги ак ниет менен күт жаным,
Ашыгым жалкоо дегизбейм.

Мына ушундай канаттуу ырларды жазып калк оозуна алынып, чыгармачылыгы ашып-ташып турган курагында Какендин асылган оору алып жаны тынат. Көзгө басар карачечекей карындашы Сания кайгыга алдырбастан белин бекем бууп, агасынын адабий мурастарын жоро-жолдошторунан, эл арасынан жыйнап, “Мурас”, “Мен адаммын”, “Эненин арманы” аттуу ырларынын, термелеринин, застандарынын, замандаштарынын эскерүүлөрүн басмалардан жыйнак кылып чыгарат. Сания “агам унутта калбаса экен” деп ар дайым кечелерин өткөрүп келүүдө. Санияны кепке тартып, агасынын мырастары, обондуу ырлары, армандуу тагдыры жөнүндө сурадым:

-Көзү өтүп кетерден 3-4 ай мурда акын, журналист Асанбек Иманбаев “Лира кечесин” өткөрдү. Ошол кече мага замандаштарына күч берди. Кечеден кийин көп адамдар мага телефон чалып, Какендин ырлары турбайбы, биз билүүчү эмес элек дешти. Ошондой болсо да көп авторлор агамдын ырларын меники дешип жүрөт. Бир мисал. “Замандаш” деген телеберүүдө “Жүзүңө күлкүң жарашып” деген ырын Саламат Садыкова сөзү Жусуевдики деп ырдады. Кыргыз эл акыны Сооронбай аксакал болсо унчукпай угуп отурду. А кишиден мен күттүм эле балам жакшы ырдадың, бул ырдын сөзү Какен Алмазбековдуку, меники эмес, деп айтат десем, унчукпай койду.

Айтып койсо Какем агамдын тиги дүйнөдө арбагы ыраазы болмок. Көп ырларына Жеңишбек Шамшиев обон чыгарды. Какендин сөздөрү Шамшиевдики болуп жүрөт. Бул такталышы керек. Какен агамдын тагдырын айтсам, №5 мектептен 8-классты бүткөндөн кийин оорунун айынан окубай айылда болуп калды. Ошого карабастан жазганын токтоткон жок. Бирок жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган жок. Себеби ичет деген атка кондуруп коюшту. Бирок көп эле кишилер ичип жүрөт. Байкем ичсе да, жазганын токтоткон жок.

Элге жаккан ырларды жазды. Ырларынын сөздөрү обондуу келип обончулар, композиторлор ырларды жазышты. Какендин ырларын окуганда илхамы келип обончулар обондорду чыгарышкан. Маселен обончу Аксуубай Атабаев конокко кетип баратып, бир гезитти окуса Какендин “Чагылган” деген ыры жарыяланган экен, ошону окуп калат. Ошондо конокко барбастан, үйүнө келип, үч саатта обонун чыгарат. Мына ошол ыр 40 жылдан ашык убакыттан бери ырчыдан ырчыга өтө ырдалып жүрөт.

Эл артисти Дарика Жалгасынова “Албырып шаттык жүзүңдө” аттуу ырын ырдап жүрөт. Азыр ал ырдын атын өзгөртүп Асел Турдалиева “Баягы-баягы” деп ат коюп алып ырдап жүрөт. Менин оюмча буларды тактай турган мекеме барбы-жокпу, билбейм. Какен Алмазбековдун ырларына чыгарылган 70-80дей обончулардын ырлары бар. Ошолор радиодон берилгенде сөзү-ыры Какен Алмазбековдуку деп айтылып берилсе, тууган, туушкандары ыраазы болот эле деп ойлойм. Шаарда үйү, шарты жок болсо да өзү ооруп жүрсө да, көптөгөн ырларды жазып кетти. Аялы оорулуу эле, шаарда бир бөлмөлү үйүм болсо деп зарланып максатына жетпей о дүйнөгө кетти, - деди Сания Сатарова.

Белгилүү обончулар Бейшеке Жандаров, Үсөн Сыдыков, Асанкалый Керимбаев, Жеңишбек Шамшиевдер да Какендин ашыктык ырларына ар кыл аваздык боектордогу обондорду чыгарышат. Алар да алгачкы аткарылышынан угуучулардын жүрөктөрүнөн түнөк табат. Алсак Бейшеке Жандаровдун Алмазбековдун “Сагынам” аттуу ырына чыгарган обонун алгачкы жолу белгилүү ырчы Зейнеп Шакеева калк алдына ырдап чыгат. Ошол күндөн ал ыр азыркы кезге чейин жаштардын арасында ырдалып келүүдө.

“Өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың” дегендей, Какен о дүйнөгө кетсе да канаттуу ырлары калк жүрөгүндө жашап келүүдө.
XS
SM
MD
LG