Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Пакистан: Бомба чабуулунун кезеги Равалпиндиге жетти


Равалпиндилик кыз көчөдөгү кандуу калабаны көрүп, үрөйү учууда.
Равалпиндилик кыз көчөдөгү кандуу калабаны көрүп, үрөйү учууда.

2-ноябрда Равалпинди шаарында болгон бомба чабуулу кеминде 30 кишинин өмүрүн алды. Равалпиндиде Пакистан армиясынын башкы штабы жайгашкан.

Полициянын билдиришинче, Равалпиндидеги Пакистан армиясынын башкы штабынан алыс эмес жерде мотоциклчен жанкечти жандырган бомбадан бери дегенде 30 киши өлдү. Дагы 40 чакты адам, анын ичинде аялдар жана балдар жараат алышты.

Тез жардамдын кызматчылары жардырууда курман болгон адамдардын жасатын алып баратат. Равалпинди. 2-ноябрь.
Күзөттөгү аскер Жавайд Хусейн Равалпинди шаарында дүйшөмбү күнү болгон жардыруу тууралуу буларды айтты:

-Жардырууну укканыбыздан кийин айнектердин сыныгы мына бу жерге күбүлүп түштү. Андан кийин башаламандык башталды: бирөөлөр бу тарапка жүгүрсө, башкалар каршы жакка жүгүрүп, элдин чый-пыйы чыкты.

Набыт болгондордун көбү банктан жөлөк пулун алганы турган кары-картаңдар экенин ырасмий бийликтер билдирди.

Согушчандардын чабуулу Пакистан армиясынын өлкөнүн Түндүк Батышындагы Ооганстанга чектеш аймактардагы талиптерге каршы согушуна жооп экенинен көпчүлүк серепчилер күмөн санашпайт. Анткени Пакистан бийликтери жергиликтүү талиптердин Техрик-е Пакистан кыймылынын ана башы Хакимулла Мехсудду жана башка 18 лашкер башчыны кармоого жардамдашкан маалымат үчүн 5 миллион доллар сыйылык жарыялаган эле. Анын ичинде, Мехсуддун өзү, анын жакын жардамчысы Вали-ур Рехман жана Мехсуддун аталаш иниси Кары Хусейн Мехсуддун ар бирин кармоого жардамдашкан маалымат үчүн 600 миң доллардан убада кылынган.

Бул үчөө акыркы жолу өткөн айда талиптердин Түштүк Вазирстандагы ордо жайында журналисттер менен кездешкен.

Жекшемби күнү Пакистан армиясы Хакимулланын киндик каны тамган Куткай шаарчасын ээлешкен.
Пакистандын аскерий тик учактары армиянын Равалпиндидеги акимчилигинин кире беришиндеги жолду күзөтүүдө. 10-октябрда аскерий горнизонго жасалган чабуулда төрт согушчан жок кылынган.


Акыркы жумаларда согушчандар калктуу жайларда жасаган бомба чабуулдары бери дегенде 250 адамдын өмүрүнө зобун келтирди.

Калабалуу жагдайга байланыштуу БУУ Пакистандын Ооганстанга чектеш эки аймагында узак жылдык өнүктүрүү долбоорун убактылуу токтотту жана жергиликтүү уруулардын башкаруусундагы Түндүк Батыш Чек ара провинциясынан өз кызматкерлерин чыгарып кетмек болду.

Улуттар Уюму жыл башынан бери Пакистанда 11 кызматкеринен жоготту. Алардын бешөө өткөн айда БУУнун Азык түлүк агенттигинин Исламабаддагы базасына жасалган чабуулда набыт болгон. Бул чабуулдан соң Пакистандын түндүк батышындагы Сват өрөөнүндөгү 2 миллиондой адамга жардам берүү убактылуу токтотулган эле.

XS
SM
MD
LG