Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Карзай Ооганстандын шайланган президенти деп жарыяланды


Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясы бүгүн бул тууралуу жарыялоо менен президенттик шайлоонун алдыдагы ишемби – 7-ноябрга белгиленген экинчи айлампасын да токтотту.

Комиссия мындай чечимин экинчи айлампага чыккан талапкерлердин бири, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла өлкөдө шайлоо ачык жана адилет өтпөй турганын жүйөө кылып, кечээ жарыштан чыкканын жарыялаган соң кабыл алды.

7-ноябрда экинчи айлампаны өткөрүү Улуттар уюму колдогон даттануу комиссиясынын иликтөөсү 20-августтагы биринчи айлампада добуштарды бурмалоо кеңири жайылганын жана көбүнесе азыркы президент Хамид Карзайдын пайдасы үчүн жасалганын аныктагандан кийин зарыл деп табылган болчу.

БУУнун Кабулга бүгүн күтүүсүздөн келген башкатчысы Пан Ги Мун экинчи айлампаны токтотуу жөнүндөгү чечимди кубаттады жана Карзайды бийликте экинчи мөөнөткө калышы менен куттуктады.

XS
SM
MD
LG