Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Балыкчы окуясына айыпталгандардын арызы каралат


Айыпталуучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Ысык-Көл облустук сотунда Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткандардын сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчү каралат. Буга чейин алардын сот Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөө тууралуу арызы Балыкчы шаардык сотуна жолдонуп, бирок канааттандырылган эмес. Балыкчы окуясы боюнча айыпталып, Каракол СИЗОсунда кармалып турган он киши соттун акыйкат өтүшүн талап кылып, 27-ноябрдан 29-ноябрга чейин ачкачылык жарыялашканы белгилүү.

23-июлдагы президенттик шайлоо күнү Балыкчыда милиция 19 кишини камакка алган. Аларга “шайлоо өткөрүүгө тоскоол болгон, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык уюштурган” деген айыптар тагылган. Алардын ичинен экөө чет мамлекетке баш калкалап кетишкен, дагы бир нечеси "эч жакка кетпөө тууралуу" тил кат берип, убактылуу боштондукта.

23-июлдагы президенттик шайлоо өтө одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн ЕККУнун байкоочулар миссиясы, эл аралык байкоочулардын ЕНЕМО уюму да билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG