Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Орус аскер базасы жакында жайгашат


Кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын аскер базасын жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды, деп билдирди Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов кечээ журналисттерге. Анын маалыматына караганда аз күн мурун Кыргызстанга Орусиянын Башкы штаб башчысынын орун басары Анатолий Наговицын баштаган делегация келип кетти. Алар КР коргоо жана тышкы иштер министрликтери менен Кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын аскер базасын жайгаштыруу боюнча документтин долбоорун түзүүгө жетишти. Элчинин айтымында ал документте орус аскерлеринин түштүккө жайгашуу шарттары каралган. Бул жана башка документтер эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан колдоо тапкандан кийин, парламенттердин кароосуна коюлат.

Белгилүү болгондой кыргыз-орус президенттери Кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын аскер базасын жайгаштырууга багытталган меморандумга 1-августта кол коюшкан. Ага ылайык базаны ачуу боюнча келишимге тараптар 1-ноябрга чейин жетишүүсү керек эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG