Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Журналист К. Жолдошевдин абалы оор бойдон


Кечээ түштөн кийин өзүнө келген журналист Кубаныч Жолдошевдин мээси катуу чайкалган, тепкиден улам кабырга сөөктөрү сынып кеткени шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ооруканасынын дарыгери Кылыч Мамашарипов “Азаттыкка” билдирди.

Мурда кабарлангандай 1-ноябрь күнү түн ичинде “Ош шамы” гезитинин жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Жолдошевди белгисиз бирөөлөр тепкилеп кетишкен. Журналист муну өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Ал басылманын акыркы санында ОшМУдагы студенттердин көтөрүлүшүн кенен жазып, митингге чыккан студенттерге окуу жай жетекчилиги тарабынан куугунтуктар болуп жатканын айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG