Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Барак Обама Ооган лидери Хамид Карзайды куттуктады


АКШ президенти Барак Обама Ооган лидери Хамид Карзайды экинчи мөөнөткө президенттик мандатты камсыздаганы менен куттуктап, коррупцияга каршы көбүрөөк аракет көрүүгө үндөдү. Обама ошондой эле Карзайдан конкреттүү иштерди күтөөрүн жана Ооганстандагы кырдаалга жакындан байкоо салып турарын айтты. Кечээ Ооганстандын шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлбөйт деп, Карзайды Ооганстандын шайланган президенти деп жарыялаган. Мындай чечим мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла жекшембиде жарыштан чыккандан кийин кабыл алынды. Абдулла шайлоо адилет жана калыс болоруна ишенбей турганын айткан. Өнөктүктүн 20-августта өткөн алгачкы айлампасында добуштар көбүнесе Карзайдын пайдасына бурмаланады деп, шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүү чечими кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG