Пакистандын маалымат министрлиги кабарлаганына караганда, Равандпилди шаарында кечээ болгон кол салуудан 35 киши өлдү. Полиция жанкечти бомбасын банк жана мейманкана жайгашкан элдер көп чогулчу чөлкөмдө жардырганын билдирди. Раванпилдиде Пакистан куралдуу күчтөрүнүн гарнизону орун алган. Бул теракт өкмөттүн Түштүк Вазиристанда жүргүзүп жаткан антитеррорчул операциясы үчүн өч алуу катары сыпатталууда.