Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Чех Конституциялык соту Лиссабон келишимин жактырды


Эми документке президент Вацлав Клаус кол коюшу керек. Чех президенти ага кол коет го деп жатышат. Анткени өткөн аптада Евробиримдиктин лидерлери Клаустун талаптарына оң жообун беришкен. Чех президенти келишимдеги айрым маанилүү талаптар Чехияга таркатылбасын талап кылган эле. Евробиримдиктин Конституциясына тете бул документти жактыра элек мамлекеттерден Чехия гана калган болчу. Бүгүн Конституциялык сот чечимин угузгандан кийин, Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу муну жылуу кабыл алганын, “келишим күчүнө киришине тоскоол боло турган башка жагдайлар калган жок го” деп ишене турганын билдирди. Лиссабон келишими шаркетке мүчө мамлекеттердин баары кол коюшканда гана ишке кирет.

XS
SM
MD
LG