Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

Сот Т. Тургуналиевге коомдук жактоочулукка укук берди


Балыкчыда "шайлоого тоскоол болду, баш аламандык уюштурду жана Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылды" деген айып менен соттолуп жаткандар 7-октябрда облустук сотко даттануу менен кайрылган эле, ал арыз 3-ноябрда Каракол шаарында каралды. Арызда айыпталуучулар ишти карап аткан Балыкчы шаардык сотунан баш тартканы айтылып, сот мыйзамсыз жол менен алынган далилдерди пайдаланды, айыпталуучуларды камакканада чектелген убакыттан ашык кармады, коомдук жактоочу Т. Тургуналиевди иштен негизсиз четтетти деген жеке даттануу камтылган. Ишти облустук соттун төрага орун басары Таалай Эралиев карап чыгып, Т. Тургуналиевге Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүүгө кайрадан коомдук жактоочу катары катышууга уруксат кылган токтом чыгарды. Сот жараянына катышкан СДПнын мүчөсү Данияр Аттокуровдун айтуусунда, соттолуучуларды абактан алып келүүгө атайын унаа жоктугунан саат 10до башталаары белгиленген жараян түш оогондо гана башталгандыктан, иш аягына чыкпай эртеңкиге (4-ноябрга) калтырылды. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG