Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Кадырсыз өкмөт бийликте калды


The Independent гезити Хамид Карзайдын кайра ордунда калганын "кадыры жок өкмөттүн жеңиши" деп мүнөздөдү.
The Independent гезити Хамид Карзайдын кайра ордунда калганын "кадыры жок өкмөттүн жеңиши" деп мүнөздөдү.

Ооганстанда президенттик кызматта калган Хамид Карзай жалпы калкты, саясий оппоненттерин кызматташтыкка чакырды. Карзайды дүйнөлүк лидерлер да куттукташууда.

Ооган президенти жалпы улуттук өкмөт түзүп, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшкөнгө да сөз берди.

Хамид Карзайды биринчи болуп Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун куттуктады. Анын соңунан АКШ президенти Барак Обама ооган лидери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны өлкөнүн тарыхында жаңы барак ачканга чакырды.

Ак үйдүн өкүлдөрү ырасташкандай, Карзай "жагдайдын маанилүү экенин жакшы түшүнө турганына" Обаманы ишендирди. Обама болсо ага "муну сөз түрүндө эмес, иш жүзүндө далилдөө керектигин" эскертти.

"Бу шайлоо, албетте, татаал процесс болду, анткени ал оогандыктар өздөрү уюштурган биринчи шайлоо болду", - деп билдирди Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс. Иштин баары ооган мыйзамдарына жана аларда каралган эрежелерге жараша аяктаганына Вашингтон курсант экенин да Гибсс танган жок.

Карзайдын башкы атаандашы доктор Абдулло Абдулло борбордук шайлоо комиссия башчысы иштен алынмайынча добуштардын санагы адилет эсептелбей турганына бөркүндөй ишенип, анын айрым шарттары аткарылбагандыктан экинчи айлампага катышкандан баш тартты. Ошол замат Көз карандысыз шайлоо комиссиясы Карзайды жеңүүчү кылып жарыялады.

Абдуллонун өкүлү комиссия болгону добуштардын санагын гана жарыялай турган орган экенин айтып, мындай ит жыгылыш абалда кимдир бирөөнү жеңүүчү деп атаганга мыйзам көз карашынан алганда анын укугу жок болчу деп билдирди.

Карзай болсо улуттук биримдик өкмөтүн түзөрүн, ага бардык саясий күчтөрдү,атүгүл өз оппоненттерин тартканга даяр экенин ырастады. "Менин өкмөтүм бардык ооган калкынын жыргалчылыгы үчүн иштейт, ушул максатта мага иркектеше болгусу келгендерди өткөн шайлоодо мага атаандаш болгонуна жана колдоп-колдобогонуна карабай биргелешип иштегенге чакырам", - деп айтты Карзай жалпы элге кайрылып.

Карзай коррупцияга каршы да чечкиндүү күрөшкөнгө сөз берди. "Коррупциянын айынан ооган бийликтери жаман атка конду, ошол себептүү ушул такты жууп-тазалоо үчүн бардык күчүбүздү, бардык ыкмаларды колдонобуз",- деп ишендирди Карзай.

Карзайдын кайра орунда калганын көз карандысыз байкоочулар, басылмалар да кеңири комментариялап жатышат.

"Азаттык" үчүн жазылган баяндамада Хелена Маликйар менен Таня Гудсузян ооган эксперттери Карзайды Ооганстандагы "Хосни Мубарак" атыктыра баштаганын көрсөтүштү. Мубарак бийликке келгенден бери Египет Вашингтондун жетегине көнүп, Израилден кийин эле АКШдан эң ири жардам алып келаткан өлкөгө айланганын эске салып, авторлор Карзай да ушуга дама кылып жатканы калетсиз деп белгилешет.

Ал эми британдык "Индепендент" гезити биринчи бетине көлөмдүү макала жарыялап, ооган шайлоосунда "намыссыз, коррупцияланган жана калк арасында кадыры жок өкмөт жеңгенин" кабарлады.

Тасмада: Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты

Ооганстанда 7-ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына оппозициянын талапкери Абдулла Абдулла катышпай турганын жарыялады. Карзай өкмөтү болсо шайлоо жараяны баары бир белгиленген нукта улантылаарын айтууда.

Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

XS
SM
MD
LG